Загрузка документа…
КЕҢЕШ Айылдык КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 31 октябры №6
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө
Кеңеш айыл аймагынын башчысы Р.Б.Омурзаковдун кайрылуусундагы 2019-жылдын 29-июлундагы Кыргыз Республикасынын эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө Типтүү келишимди бекитүү тууралуу” № 95 буйругуна негиз Базар-Коргон райондук эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгы менен Кеңеш айыл өкмөт ортосунда түзүлө турган келишимди талкуулап Кеңеш айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектүү XVI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кенеш айылдык Кеңешинин Мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура курулуш транспорт жана экология боюнча туруктуу комитетинин сунушу менен, Базар-Коргон райондук социалдык өнүгүү башкармалыгы менен Кеңеш айыл өкмөтү ортосунда түзүлө турган келишимдин 3 абзацын алып таштоо менен сыноо мөөнөтү 1 (бир) жыл деп бекитилсин.
2. Токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук акылары жөнүндөгү” мыйзамына ылайык Кеңеш айыл аймагынын расмий ВЕБ сайтына жарыялансын.
3. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Кеңеш айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кеңеш айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары Т.Тиленбаевга милдеттендирилсин.
Кеңеш айылдык Кеңешинин төрагасы: | И. Каипов |
|