Загрузка документа…
КЕҢЕШ Айылдык КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 31 октябры №7
Кеңеш айыл өкмөтүнүн Аук айылынын тургуну Жолчуев Замирбектин арызы жөнүндө
Кеңеш айыл өкмөтүнүн башчысынын кайрылуусу менен Аук айылынын тургуну Жолчуев Замирбектин арызын карап жана талкуулап Кеңеш айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектүү XVI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Аук айылынын тургуну Жолчуев Замирбектин өзүнүн арызынын негизинде 1,11га үлүш жерин иштете албай калдыгына байланыштуу, айыл чарба багытында айыл өкмөттүн балансасына алынсын.
2. Токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук акылары жөнүндөгү” мыйзамына ылайык Кеңеш айыл аймагынын расмий ВЕБ сайтына жарыялансын.
3. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Кеңеш айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кеңеш айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары Т.Тиленбаевга милдеттендирилсин.
Кеңеш айылдык Кеңешинин төрагасы: | И. Каипов |
|