Загрузка документа…
КЕҢЕШ Айылдык КЕҢЕШИ
2019-жылдын 29 ноябры №1
Шыдыр, Коткор, 1-Май айылдарына ичүүчү таза суу чыгаруу жөнүндө
Кеңеш айыл аймагынын башчысы Р.Б.Омурзаковдун кайрылуусуна негиз Кеңеш айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XVII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кеңеш айыл өкмөтүнүн Шыдыр, Коткор, Аук, 1-Май айылдарына АРИС тарабынан ичүүчү таза суу долбоору боюнча иш жургузууго макулдук берилсин.
2. Токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөгү” мыйзамына ылайык Кеңеш айыл аймагынын расмий ВЕБ сайтына жарыялансын.
3. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Кеңеш айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кеңеш айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары Т.Тиленбаевге милдеттендирилсин
Кеңеш айылдык Кеңешинин төрагасы: | И. Каипов |
|