Загрузка документа…
КЕҢЕШ Айылдык КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 29 ноябры №3
Кыргыз Республикасынын каржы министрлиги тарабынан кошумча келген планга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кеңеш айыл аймагынын башчысы Р.Б.Омурзаковдун кайрылуусуна негиз Кеңеш айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XVII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын каржы министрлиги тарабынан 2019-жылдын 12 айына келген такталган планга ылайык киреше бөлүмүнүн Жер казынасынын пайдалануу укугуна лицензиясынын кармоо үчүн акы кодунан 50,0 миң сом кыскартылып, 1112 Чакан ишкердик субьекттери үчүн бирдиктүү салыкка 60,9 миң сом, 1132 Калктуу конуштардын жерлерине жана айыл чарба багытында болбогон жерлерди пайдалануу үчүн жер салыгына 26,0 миң сом, 1141 Сатуудан түшкөн салыка 200,0 миң сом жана 1415 Жайыт ижарасы үчүн акыга 0,1 миң сом жалпы 237,0 миң сом акча каражаты киреше бөлүмүнө көбөйтүлсүн. Ал эми чыгаша бөлүмүнө 70111 разделдин 2215 статьясына 87,0 миң сом, 2231 статьясына 40,0 миң сом, 2211 статьясына 60,0 миң сом жана 70921 орто мектеп разделдин 3112 статьясына 50,0 миң сом чыгаша бөлүмүнө көбөйтүп, өзгөртүү жергиликтүү бюджеттин эсебине сарпталышы бекитилип, райондук каржы башкармалыгына такталган планга киргизип берүү жагы суралсын.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Кеңеш айылдык Кеңешинин “Бюджет жана экономика боюнча” туруктуу комиссияга жана айыл аймагынын ФЭБнүн башчысына тапшырылсын.
3. Токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөгү” мыйзамына ылайык Кеңеш айыл аймагынын расмий ВЕБ сайтына жарыялансын.
4. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Кеңеш айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кеңеш айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары Т.Тиленбаевге милдеттендирилсин.
Кеңеш айылдык Кеңешинин төрагасы: | И. Каипов |
|