Загрузка документа…
КЕҢЕШ Айылдык КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 29 ноябры №6
Паспорт, ЗАГС, күбөлүк жазуу боюнча иш алып баруу жөнүндө
Кеңеш айыл аймагынын башчысы Р.Б.Омурзаковдун кайрылуусуна негиз Кеңеш айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XVII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кеңеш айыл аймагы менен Департаменттин ортосундагы келишимдин негизинде Кеңеш айыл өкмөтүнүн ичинде паспорт, ЗАГС, күбөлүк, кара кагаздар боюнча иш алып барууга Кенеш айыл аймагынын бир кызматкери бекитилип берилсин.
2. Токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөгү” мыйзамына ылайык Кеңеш айыл аймагынын расмий ВЕБ сайтына жарыялансын.
3. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Кеңеш айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кеңеш айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары Т.Тиленбаевге милдеттендирилсин.
Кеңеш айылдык Кеңешинин төрагасы: | И. Каипов |
|