Загрузка документа…
С.АТАБЕКОВ Айылдык КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 29 октябры №3
Мекемени каттоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өзүн өзү башкаруу жөнүндө”,Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү Кеӊештеринин депутаттарын шайлоо жөнүндө”,Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү Кеӊешинин депутаттарынын статусу жөнүндө” жана Кыргыз Республикасынын “Юридикалык жактарды, филиалдарды(өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндөгү” мыйзамдарынын негизинде,
С.Атабеков айылдык Кеӊешинин Регламентин талкуулоонун негизинде, С.Атабеков айылдык Кеӊешинин кезектеги отуз биринчи сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
“С.Атабеков айыл аймагынын Айылдык Кеӊеши” мекемеси мамлекеттик каттоодон өткөрүлсүн(мындан ары мекеме)
Мекеменин толук фирмалык аталышы:
Мамлекеттик тилде: “ С.Атабеков айыл аймагынын Айылдык Кеӊеши” мекемеси.
Расмий тилде: Учреждение “Айылный Кеӊеш” С.Атабековского айылного аймака.
2 . Мекеменин юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы,Жалал-Абад
облусу,Сузак району, Бек-Абад айылы, М.Сидиков көчөсү үй №114.
3. С.Атабеков айылдык Кеӊешинин Регламенти бекитилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
Юридикалык жакты түзүү жөнүндө уюштуруучунун (уюштуруучулардын) чечиминде андагы көрсөтүлгөн маалыматтардын, ошондой эле мамлекеттик каттоо үчүн тапшырылган документтердеги маалыматтардын аныктыгын жана мыйзамда белгилинген учурларда юридикалык жакты түзүү мекемелери тиешелүү мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен макулдашылсын
С.Атабеков айылдык кеңешинин төрагасы: | А. Калмурзаев |
|