Загрузка документа…
Жаңы Жол Айылдык КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 29 ноябры №1
Жаны-Жол айыл өкмөтүнө «Республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджетке өз ара эсептешүүлөр боюнча өткөрүлүп берилүүчү каражаттар»- эсебинен келген акча каражатын бөлүштүрүү боюнча
Жаңы-Жол айыл аймагынын Жаңы-Жол айыл өкмөтүнө «Республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджетке өз ара эсептешүүлөр боюнча өткөрүлүп берилүүчү каражаттар»- эсебинен 1 500 000 сом түшкөн. Бул акча каражаты айыл өкмөтүнө караштуу Кара-Суу айылындагы курулуп жаткан балдар бакчасынын курулушун аягына чейин бүткөрүүгө жумшалат. Ошондой эле бюджетке каралгандан ашыкча 320 000 мин сом акча каражаты түшкөн, төмөндөгү акча каражаттарын сессияда карап бекитүү үчүн Жаны-Жол айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Тойгонбаевдин билдирүүсүн Жаны-Жол айылдык Кенешинин «Экономика бюджет, финансы каражаттары чакан жана орто бизнес, менеджмент, маркетинг кызматы, кредит, инвестициялар» боюнча туруктуу комиссиясынын маалыматын угуп жана талкуулап Айылдык Кенештин VII чакырылышынын кезектеги XXXI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жаны-Жол айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Тойгонбаевдин билдирүүсү эске алынсын.
2. Жаны-Жол айыл аймагынын айыл өкмөтүнө «Республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджетке өз ара эсептешүүлөр боюнча өткөрүлүп берилүүчү каражаттар»- эсебинен түшкөн 1 500 000 сом акча каражаты Кара –Суу айылындагы бала бакчанын курулушун бүткөрүүгө төмөндөгүдөй бөлүнүп берилсин:
Раздел бала бакча 70911 статья 31113290 1248633 сом
Эмеректерге 70911 статья 22221100 223960 сом
ПСД га 70911 статья 31113290 27407 сом
3. Бюджеттен ашыкча түшкөн 320 000 мин сом акча каражаты төмөндөгүдөй бөлүнүп берилсин:
Раздел орто мектеп
Электр энергияга 70921 статья 22311200 170 000 сом
АСКУЭ счетчик 70921 статья 22221100 18 000 сом
Раздел аппарат
Карта алууга 70111 статья 22154900 60 000 мин сом
Бала-Чычкан айылына 70111 статья 22154900 34 200 мин сом
Кара-Тектир айылына 70111 статья 22154900 37 800 мин сом
Жалпы 1 820 000 сом
4. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү жагы Жаны-Жол айылдык Кенешинин экономика, план, бюджет, чакан орто бизнести өнүктүрүү инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
5. Бул токтом www.Jany-jol.com сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Жаны Жол айылдык кеңешинин төрагасы: | Т.Өзүбеков |
|