Загрузка документа…
ҮЧ ТЕРЕК Айылдык КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019- жылдын 06-декабры.№142
Ченемдик укуктук актылардын бузуулусун четтетүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат оорундарын ээлеп турган же ээлеген адамдардын кирешелерин, чыгымдарын, милдеттенмелерин жана мүлкүн декларациялоо жөнүндө» Мыйзамынын 9-беренесинин 1-бөлүмүнө ылайык,декларатцияны белгиленген мөөнөттө бербеген,декларатцияны толук эмес жана /же анык эмес маалыматтарды көрсөтүү менен берген учурда,декларант Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык жоопкерчилик тартуу жөнүндөгү маселени Үч-Терек айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезексиз ХХХ сессиясы карап жана талкуулап,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Токтогул райондук прокуратурасы тарабынан 2019-жылдын 13-ноябрында чыккан № 11/1-1608-19 сандуу ченемдик укуктук актылардын бузуулусун четтетүү жөнүндөгү сунушу эске алынсын .
2.Үч-Терек айылдык кеңешинин депутаттары А.Маматсаев, У.Сулайманов, Т.Оморов, Т.Урматаев, З.Мамбеткулов, П.Качкынбаева, Н.Калматов, М.Көөбашов, Ж.Сейдалиева, А.Абытаева, З.Кулманбетов, Б.Ажыкулов, Ж.Калманбетова жана Ч.Кадыров өздөрүнүн кирешелерин, чыгымдарын, милдеттенмелерин жана мүлктөрү тууралуу декларацияны толтурууда кетирген кемчиликтери белгиленип,декларанттарга эскертүү берилсин.
3.2020-жылда белгиленген маалыматтарды толугу менен киргизүүсү,учурунда кечиктирилгис мөөнөттө тапшыруу жагы аты аталган декларанттарга милдеттендирилсин.
4.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы өзүмө калтырылсын.
5.Бул токтом www.uch-terek.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
6.Токтоммамлекеттиктилдеганакабылалынды.
Үч-Терек айыл аймагынын Үч-Терек айылдык кенешинин төрагасы: | А. Акаев |
|