Загрузка документа…
ҮЧ ТЕРЕК Айылдык КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019- жылдын 06-декабры.№144
Үч-Терек айыл аймагындагы Б.Салаев орто мектебинин спорт залын жылытууга электр жылыткыч сатып берүү үчүн атайын фонддон келип түшкөн акча каражатынын эсебинен 2222 статьясынан 15,0(он бешмиң) сом карап берүү жөнүндө
Үч-Терек айыл аймагындагы Б.Салаев орто мектебинин спорт залын кыш мезгилинде жылытууга электр жылыткыч сатып берүү муктаждыгы пайда болгондуктан жана жергиликтүү бюджеттин тартыштыгына байланыштуу атайын фонддон келип түшкөн акча каражатынын эсебинен орто мектептердин 2222 (сатып алуу)статьясынан 15,0(он беш миң) сом карап берүү боюнча Үч-Терек айыл өкмөтүнүн каржы бөлүмүнүн билдирүүсүн угуп жана талкуулап,Үч-Терек айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезексиз ХХХ сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Үч-Терек айыл аймагындагы Б.Салаев орто мектебинин спорт залын жылытууга электр жылыткыч сатып берүү үчүн атайын фонддон келип түшкөн акча каражатынын эсебинен орто мектептердин 2222 статьясынан 15,0(он беш миң) сом бөлүнүп берилсин.
2.Каралган акча каражатын камсыз кылып берүү жагы башкы бухгалтер К.Көкөевге милдеттендирилсин.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айыл өкмөт башчысы Н.Молдомусаевге тапшырылсын.
4.Бул токтом www.uch-terek.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
5.Токтоммамлекеттиктилдеганакабылалынды.
Үч-Терек айыл аймагынын Үч-Терек айылдык кенешинин төрагасы: | А. Акаев |
|