Загрузка документа…
САКАЛДЫ Айылдык КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 22-ноябры №1
Сакалды айыл өкмөтүнүн 2019-жылга карата бекитилген жергиликтүү бюджетинин тогуз ай ичинде аткарылышы жөнүндө
Күн тартибиндеги маселени карап жана талкуулап чыгып,”Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесине негиз Сакалды айылдык кеӊешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XXIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Сакалды айыл өкмөтүнүн 2018-жылга карата бекитилген жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн аткарылышы боюнча Сакалды айыл өкмөтүнүн каржы экономика бөлүмүнүн башчысы А.Турганбаеванын маалыматы эске алынсын.
2. Сакалды айыл өкмөтүнүн 2019-жылга карата бекитилген жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн тогуз ай ичинде аткарылышы канааттандырарлык деп табылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Сакалды айылдык кеңешинин бюджет жана экономика маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы Н.Юсуповага милдеттендирилсин
Айылдык кеӊештин төрагасы: | Д. Бекназаров |
|