Загрузка документа…
САКАЛДЫ Айылдык КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 22-ноябры №3
Сакалды айыл өкмөтүнүн 2019-жылга каралган жергиликтүү бюджетинин тогуз ай ичиндеги калдыгын кароо
Күн тартибиндеги маселени карап жана талкуулап чыгып, “Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктардын негизги принциптери жөнүндөгү” Мыйзамынын, Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 16-майындагы №59 “Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси жана “Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун каржы-экономикалык негиздери жөнүндөгү” мыйзамдарына ылайык Сакалды айылдык кеӊешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XXIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1.Сакалды айыл ѳкмѳтүнүн 2019-жыл үчүн бекитилген жергиликтүү бюджетинин тогуз ай ичиндеги калдык бѳлүгүнѳн тѳмѳндѳгү аткарылбай калган жумуштар үчүн каражат бекитилсин:
-№11 орто мектептин эшик ,терезелерин алмаштыруу боюнча долбоорунун ѳздүк салымы 400 000 сом ѳлчѳмүндѳ;
-№12 орто мектептин жылытуу системасынын капиталдык ремонттоо долбоорунун ѳздүк салымы 450 000 сом ѳлчѳмүндѳ ;
-Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын актысына ылайык 260 000сом ѳлчѳмүндѳ;
-Сакалды аймактык милиция бѳлүмчѳсүнүн имаратынын капиталдык курлушунун долбоорунун ѳздүк салымы 260 000 сом ѳлчѳмүндѳ;
-айыл ѳкмѳткѳ кызматтык автоунаа сатып алуунун жетишпеген бѳлүгү 140 000 сом ѳлчѳмүндѳ;
-Кыргызстан маданият үйүнүн айланасын тосмолоонун бүтпѳй калган жумуштары үчүн 60 000 сом;
-зыяндуу чѳѳ жаныбарын атып тазалоо максатында ар бир атылган чѳѳ үчүн 1000 сом ѳлчѳмүндѳ;
-Бѳбүй айылына 3000 метр электр чубалгы сатып алуу үчүн 75 000сом;
-Бѳбүй айылынын окуучуларын кышкы сезондо №12 орто мектепке ташып келүүчү автобуска келишимдин негизинде 20 000сом;
-Нагдай айылына 2000 метр электр чубалгы сатып алуу үчүн 50 000сом;
- Кагазды айылына 3200 метр электр чубалгы сатып алуу үчүн 80 000 сом;
-Сакалды айылынын жарыктандыруу жумуштарына 40 000сом;
-Чон-Багыш айылына интернет жеткирүү жумуштарына -45 000сом;
-айыл ѳкмѳттүн теникалык персоналынын ремонт учурундагы нормадан тышкары жумуштары үчүн-15 000сом;
- Кыргызстан айылына 2000 метр электр чубалгы сатып алуу үчүн
50 000сом;
-Сакалды айылына 5 даана электр мамы сатып алуу үчүн 50 000сом;
-№6 үй бүлѳлүк дарыгерлер тобунун имаратына телевизор сатып алуу үчүн -20 000сом;
-Кормоцех участкасынын тротуар, КТП,электр мамы маселелери үчүн-700 000сом;
-турак жай каттоо жумуштарына байланыштуу каражат-15 000сом;
-эмделбеген жолбун иттерди атуу ,Яма Беккери чуңкурчасына комүү жумуштары үчүн-40 000 сом;
-жаран Бакышов Тургуналынын арызына ылайык ден соолугун чыңдоо үчүн 10 000сом.
2. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ Сакалды айылдык кенешинин бюджет жана экономика маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын тѳрайымы Н.Юсуповага жүктѳлсүн
Айылдык кеӊештин төрагасы: | Д. Бекназаров |
|