Загрузка документа…
САРЫ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 14-марты №11/3
Сары-Булак айыл өкмөтүнүн аймагындагы Сары-Күнгөй, Сары-Булак, Тогуз-Булак айылдарынын жашоочуларынын 2019-жылдын 24-майындагы жалпы элдик жыйынынын Сары-Булак айыл аймагынын Тайгак- Таш , Кылоожун , Арпа -Тектир, Кичик, Бөксө, Жарык-Жер, Көл, Кара-Булак чектериндеги ички чарбалык унаа жолдорун калыбына келтирүү жөнүндөгү №12-протоколдук сунушун кароо жөнүндө
Сары-Булак айыл өкмөтүнүн аймагындагы Сары-Күнгөй, Сары-Булак, Тогуз-Булак айылдарынын жашоочуларынын 2019-жылдын 24-майындагы жалпы элдик жыйынынын №12-протоколдук сунушун угуп жана талкуулап бүгүнкү Сары-Булак айылдык кенешинин кезексиз чакырылган №11-сессиясынын жыйналышы .
ТОКТОМ КЫЛАТ.
1.Сары-Булак айыл өкмөтүнүн аймагындагы Сары-Күнгөй, Сары-Булак, Тогуз-Булак айылдарынын жашоочуларынын 2019-жылдын 24-майындагы жалпы элдик жыйынынын Сары-Булак айыл аймагынын Тайгак- Таш , Кылоожун , Арпа -Тектир, Кичик, БөксөЖарык-Жер, Көл, Кара-Булак чектериндеги ички чарбалык унаа жолдорун калыбына келтирүү жөнүндөгү №12-протоколдук сунушу бекитилсин.
2. Сары-Булак айыл аймагынын Сары-Күнгөй, Сары-Булак , Тогуз-Булак ички чарбалык унаа жолдорун калыбына келтирүүгө сарпталуучу чыгымдарды эсептеп берүү жагы Сары-Булак айыл өкмөтүнөн суралсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Сары-Булак айылдык кенешинин туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Сары-Булак айылдык Кеңешинин төрагасы: | Ж. Акматалиев. |
|