Загрузка документа…
АК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Сай айылдык кеңешинин V-чакырылышынын кезектеги ХII-сессиясы
2020-жылдын 20-апрели № 54
Ак-Сай айыл өкмөтүнүн балансында турган Үч-Дөбө айылындагы эки насостук бекеттерин жана бир скважинасын мамлекеттин балансына өткөрүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө
Ак-Сай айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчик объекттерин мамлекеттик менчикке акысыз негизде өткөрүп берүү жөнүндө жобонун негизинде жана Ак-Сай айыл өкмөтүнүн Үч-Дөбө айылында жашаган жарандарга сугат сууну өз убагында камсыз кылуу максатында айыл өкмөтүнүн балансында турган Үч-Дөбө айылындагы эки насостук бекеттерин жана бир скважинасын мамлекеттин балансына өткөрүп берүүгө макулдук берүү максатында Ак-Сай айылдык кеңешинин V-чакырылышынын кезектеги ХII-сессиясы токтом кылат:
1. Ак-Сай айыл өкмөтүнүн балансасында турган Үч-Дөбө айылындагы №1 насостук бекети жалпы суммасы 1 158 590 сомдук жана №2 насостук бекети жалпы суммасы 1 616 139 сомдук жана бир скважинасы жалпы суммасы 8 948 824,04 сом насостук бекеттер жана скважинасын мамлекеттик балансасына өткөрүп берүүгө макулдук берилсин.
2. Керектүү болгон иш кагаздарын даярдап берүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысы С.Анаровго милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Сай айылдык кеңешинин айыл чарба, агроөнөр жайы, жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мулккө укутарды каттоо, жаратылышты коргоо боюнча комиссия курамына жүктөлсүн.
Айылдык кеӊешинин төрагасы | А.Талиев |