Загрузка документа…
КАРА-БАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Бак айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XXXVIII сессиясы
2019-жылдын 26-ноябры № 97
Кара-Бак айылдык кеңешинин 14.05.2014-жылдагы №01-7/22 сандуу токтомуна өзгөртүү киргизүүгө макулдук берүү максатында Кара-Бак айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Бак айылдык кеңешинин 14.05.2014-жылдагы №01-7/22 сандуу токтомундагы Кара-Бак айыл аймагындагы Алты-Адыр участкасындагы калктуу конушка которулуучу(трансформациялануучу) “600,0 га жер аянты” “300,0 га жер аянты” болуп өзгөртүүгө макулдук берилсин.
2.Калктуу конушка которулуучу 300,0 га жер аянтынын келечек планы башкы планга ылайык бекитилсин.
3.Аталган 300,0 га жер аянтын калктуу конушка которуу (трансформациялоо) үчүн тиешелүү болгон документтерди даярдоо жагы Кара-Бак айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жер маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасына тапшырылсын.
Кеңештин төрагасы: | А.Каламбеков. |