Загрузка документа…
КАРА-БАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 11-декабры №116
Кара-Бак айылдык кеңешинин 26.11.2019-жылдагы №98 токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 18-беренесинин 3-бөлүмчөсүнүн талаптарына ылайык Кара-Бак айыл өкмөтүнүн Алты-Адыр участкасыннын аймагындагы жеке менчик турак-жайга бөлүнүп берилүүчү жер аянттарынын чектик өлчөмүн бекитүү жөнүндөгү Кара-Бак айылдык кеңешинин 26.11.2019-жылдагы №98 сандуу токтомуна муктаждыктарга байланыштуу өзгөртүү киргизүү максатында Кара-Бак айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Бак айыл өкмөтүнүн Алты-Адыр участкасыннын аймагындагы жеке менчик турак-жайга бөлүнүп берилүүчү жер аянттарынын чектик өлчөмү 0,10 га болуп бекитилсин.
2. Токтомдун негизинде тийиштүү иш кагаздарын даярдоо жагы айыл өкмөткө тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жер маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасына тапшырылсын.
Кеңештин төрагасы: | А.Каламбеков. |