Загрузка документа…
КАРА-БАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 26-ноябры №114
Кара-Бак айыл өкмөтүнүн Кызыл-Бел айылынын Улак-Жай участкасынан чек ара тозотуна жер аянтын берүүгө макулдук берүү жөнүндө
Кара-Бак айыл аймагынын Кара-Бак айылдык кеңешинин депутаты М.Надированын сунушун угуп жана талкуулап, Кара-Бак айыл өкмөтүнүн Кызыл-Бел айылынын Улак-Жай участкасынан чек ара тозотуна жер аянтын берүүгө макулдук берүү максатында Кара-Бак айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Бак айыл өкмөтүнүн Кызыл-Бел айылынын Улак-Жай участкасынан чек ара тозотуна 1,0 га жер аянтын берүүгө макулдук берилсин.
2. Тийиштүү болгон документтерди даярдоо жагы Кара-Бак айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жер маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасына тапшырылсын.
Кеңештин төрагасы: | А.Каламбеков. |