Загрузка документа…
КАРА-БАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 26-ноябры № 111
Кара-Бак айыл өкмөтүнө карашту мекеме-ишкана жетекчилеринин маалыматын угуу жөнүндө
Кара-Бак айыл өкмөтүнө караштуу мекеме-ишкана жетекчилеринин маалыматын угуп, Кара-Бак айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Бак айыл өкмөтүнө караштуу төмөнкү мекеме-ишкана жетекчилердин: Б.Нарматов орто мектебинин директору Б.Алимкулованын, Б.Байназаров орто мектебинин директору А.Өмүрзакованын, “Кулунчак” балдар бакчасынын жетекчиси К.Акматованын, “Наристе” балдар бакчасынын жетекчиси К.Туранованын, “Барчын” балдар бакчасынын жетекчиси Ө.Айжигитованын, “Бөбөктай” балдар бакчасынын жетекчиси Э.Байтиеванын, С.Момунов атындагы орто мектебинин директору Г.Эргешованын, Достук орто мектебинин директору А.Рабиевдин, №6 УДТнын башчысы Н.Балтабевдин маалыматы канааттандырарлык деп табылсын.
2. Маалымат бербеген жана сессияга катышпаган мекеме-ишкана жетекчилерине айыл өкмөтү тарабынан тийиштүү чаралар көрүлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Бак айылдык кеңешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиянын төрагасына жүктөлсүн.
Кеңештин төрагасы: | А.Каламбеков. |