Загрузка документа…
КАРА-БАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 26-ноябры № 109
Муниципалдык менчикке алуу жөнүндө
Кара-Бак айыл өкмөтүнүн Сары-Камыш участогундагы 0,40 га курулуш астындагы жер аянтын короо сарай куруу үчүн муниципалдык менчикке алууга макулдук берүү максатында Кара-Бак айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Бак айыл өкмөтүнүн Сары-Камыш участогундагы 0,40 га курулуш астындагы жер аянтын короо сарай куруу үчүн муниципалдык менчикке алууга макулдук берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жер маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасына тапшырылсын.
Кеңештин төрагасы: | А.Каламбеков. |