Загрузка документа…
КАРА-БАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 26-ноябры № 102
Кызыл-Бел айылынын тургуну Мураталиева Ибадат Абдувахобовнанын арызын кароо жөнүндө
Кызыл-Бел айылынын тургуну Мураталиева Ибадат Абдувахобовна көп жылдан бери пайдаланып келе жаткандыгын эске алып 0,12га жер аянттын жеке менчик турак-жай куруу үчүн бекитип берүүгө макулдук берүү максатында Кара-Бак айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Бел айылынын тургуну Мураталиева Ибадат Абдувахобовна көп жылдан бери пайдаланып келе жаткан 0,12 га жер аянттын жеке менчик турак-жай куруу үчүн бекитип берүүгө макулдук берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жер маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасына тапшырылсын.
Кеңештин төрагасы: | А.Каламбеков. |