Редакцияот 26.11.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КАРА-БАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

Кара-Бак айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XXXVIII сессиясы

 

2019-жылдын 26-ноябры № 98

Жеке менчик турак-жайга бөлүнүп берилүүчү жер аянттарынын чектик өлчөмүн аныктоо жөнүндө

 Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 18-беренесинин 3-бөлүмчөсүнүн талаптарына ылайык Кара-Бак айыл өкмөтүнүн Алты-Адыр участкасыннын аймагындагы жеке менчик турак-жайга бөлүнүп берилүүчү жер аянттарынын чектик өлчөмүн аныктоо үчүн Кара-Бак айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кара-Бак айыл өкмөтүнүн Алты-Адыр участкасыннын аймагындагы жеке менчик турак-жайга бөлүнүп берилүүчү жер аянттарынын чектик өлчөмү 0,12 га участок болуп бекитилсин.

2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жер маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасына тапшырылсын.

 

Кеңештин төрагасы:

А.Каламбеков.