Загрузка документа…
ОТУЗ-АДЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020 жылдын 28-майы № 6
Айыл аймагынын тургундарына жеке менчик турак-жай куруу үчүн кайрак айдоо жерлерин, кайрак айдоо жерлери категориясынан калктуу конуштардын жери категориясына которуу жɵнүндɵ
Айыл аймагындагы турак-жай курууга муктаж болгон айыл тургундарын турак-жай куруу үчүн жер тилкелери менен камсыз кылуу максатында, Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин II бɵлүмүнүн үчүнчү главасынын 2-пунктунун 32-статьясынын, Кыргыз Республикасынын жерлердин категориясын которуу (трансформациялоо) жɵнүндɵгү 2016-жылдын 19-мартындагы №21 жана 2017-жылдын 01-июнундагы №95 токтомдорунун негизинде Отуз-Адыр айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ;
1.Отуз-Адыр айыл аймагындагы турак-жай курууга муктаж болгон айыл тургундарына турак-жай куруу үчүн Отуз-Адыр айыл аймагына караштуу Кызыл-Абад участкасында жайгашкан №11 - 24,52 га, №144 -3,88 га, №148 – 25,42 га, № 83- 4,75 га контурларындагы жалпы аянты 58,57 га болгон кайрак айдоо жерлерин кайрак айдоо жерлери категориясынан калктуу конуштун жерлери категориясына которуу боюнча тиешелүү мекеме-ишканалар менен биргеликте иш кагаздары даярдалсын.
2.Жерлерди бир категорияда0н экинчи категорияга которуу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмɵтүнɵ сунуш берүү жагы Кыргыз Республикасынын Ош облусундагы ыйгарым укуктуу ɵкүлүнɵн жана Кара-Суу районунун мамлекеттик администрациясынан суралсын..
3.Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Отуз-Адыр айыл ɵкмɵтүнɵ жүктɵлсүн. (Т.Туйбаев.)
4.Токтомдун аткарылышын кɵзɵмɵлдɵɵ Отуз-Адыр айылдык Кеңешинин айыл чарбасы жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.(А.Мурзаев).
Отуз-Адыр айылдык Кеңешинин тɵрагасы: |
Н.А.Калматов. |