Загрузка документа…
ОТУЗ-АДЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020 жылдын 28-майы № 7
Отуз-Адыр айылдык Кеңешинин жооптуу катчысынын акы тɵлɵɵ негизиндеги кызмат ордун киргизүү жɵнүндɵ
Кыргыз Республикасынын Өкмɵтүнүн 2020-жылдын 07-мартындагы Кыргыз Республикасынын Өкмɵтүнүн “Жергиликтүү ɵз алдынча башкаруу чɵйрɵсүндɵгү айрым чечимдерине ɵзгɵртүүлɵрдү киргизүү жɵнүндɵ” №124 токтомунун жана 2020-жылдын 05-февралындагы “Айылдык Кеңештердин акы тɵлɵɵ негизиндеги кызмат орундарынын тизмесин бекитүү жɵнүндɵ” №64 токтомунун негизинде Отуз-Адыр айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Отуз-Адыр айылдык Кеңешинин жооптуу катчысынын акы тɵлɵɵ негизиндеги 1 штатык кызмат орду киргизилсин.
2. Отуз-Адыр айылдык Кеңешинин жооптуу катчысына штаттык негизде айлык акы тɵлɵнүп берилсин.
3. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Отуз-Адыр айыл ɵкмɵтүнɵ жүктɵлсүн.(Т.Туйбаев.)
4. Токтомдун аткарылышын кɵзɵмɵлдɵɵ Отуз-Адыр айылдык Кеңешинин бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.(Т.Жумаев) 5. Бул токтом кабыл алынган күндɵн баштап күчүнɵ кирди деп эсептелсин.
Отуз-Адыр айылдык Кеңешинин тɵрагасы: |
Н.А.Калматов. |