Загрузка документа…
САВАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 29 декабры.№ 3/3
Кыргыз Республикасынын Эмгек жана Социалдык Өнүгүү министрлигинин 2018-жылдын 3-августундагы № 43 буйругу менен белгиленген аймактык бөлүнүштөрү жөнүндө жобосунун негизинде Кара-Суу райондук Эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгы менен Савай айыл өкмөтүнүн келишими жана социалдык иштер боюнча адистердин ыйгарым укуктары жөнүндө
Кара-Суу райондук социалдык өнүгүү башкармалыгы тарабынан Савай айыл өкмөтүнө келишимдин негизинде өткөрүлүп берилген ыйгарым укуктарды аткаруу максатында социалдык иштер боюнча адистикке 3 (үч ) штаттык бирдикке жараша жумуш берүү маселеси каралып, талкууланып Савай айылдык округунун кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кара-Суу райондук социалдык өнүгүү башкармалыгы тарабынан Савай айыл өкмөтүнө келишимдин негизинде өткөрүлүп берилген ыйгарым укуктарды аткаруу максатында социалдык иштер боюнча адис кызматына 3 ( үч ) штаттык бирдикке жараша жумушка кабыл алынсын.
2.Бул токтомдун аткарылуусун көзөмөлгө алуу жагы Савай айылдык кеңешинин тийиштүү туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
3.Токтомду аткарууга алуу жагы Савай айыл өкмөтүнүн башчысы М.Сайпидиновго милдеттендирилсин.
Төрага: | А.Баимбетов. |