Загрузка документа…
КОРУЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 23-декабры №36/1
2020-жылга жергиликтүү бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүктөрүн бекитүү, 2021-2022-жылдарга болжолдуу долбоорун бекитүү боюнча
2020-жылга жергиликтүү бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүктөрүн бекитүү, 2021-2022-жылдарга болжолдуу долбоорун бекитүү боюнча Корул айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Корул айыл өкмөтүнүн 2018-жылга жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгү 18670,3 миң сомго анын ичинен теңдөөчү грант 7109,0 миң сом, максаттуу трансферт 1878,7 миң сом, өздүк киреше 6270,3 миң сом, атайын каражат 251,6 миң сом, өткөн жылдан калган калдык 3160,7 миң сом жана чыгаша бөлүгү 14420,3 миң сомго аткарылгандыгы белгиленсин.
2. Корул айыл өкмөтүнүн 2019-жылга жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгү 16073,9 миң сомго анын ичинен теңдөөчү грант 7441,7 миң сомго, өздүк киреше 2977,2 миң сомго жана республикалык бюджеттен берилүүчү максаттуу трансферт 1205,0 миң сом, атайын каражат 200,0 миң сомго, өткөн жылдан калган калдык 4250,0 миң сом, жана чыгаша бөлүгү 15254,2 миң сомго аткарылышы күтүлөт.
3. 2020-жылга Корул айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүгү 9577,3 миң сомго, анын ичинен: теңдөөчү грант 6052,7 миң сом, өздүк киереше 3552,7 миң сомго бекитилсин (анын ичинен атайын каражат 200,2 миң сом).
4. 2021- жылга жергиликтүү бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн планы 9820,3 миң сомго анын ичинен: теңдөөчү грант 5784,9 миң сом, өздүк киреше 4035,4 миң сомго ,2022-жылга жергиликтуу бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн планы 9968,9 мин сом, анын ичинен тенөөчү грант 5774,5,оздук киреше 4194,4мин сом долбоорунун болжолу бекитилсин.
5. Корул айыл өкмөтүндө жайгашкан мектептерге жана мекемелерге бюджетте каралган акча каражаттарын туура жана максаттуу пайдалануу жагын камсыз кылуу, отчет-учет иштерин убагында айыл өкмөтүнүн финансы бөлүмүнө тапшыруу жагы, мекеме башчыларына жана чарбалык иштер боюнча директорлордун орун басарларына милдеттендирилсин.
6. Бюджетте каралган акча каражаттарын смета боюнча өз убагында мыйзамдуу жумшалышына камсыздоо жагы айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Н.Тоотаевага тапшырылсын.
7. Бул токтомдун аткарылышы айыл өкмөтүнүн башчысы Аскербек уулу Жыргалбекке тапшырылсын.
Төрага | Т.Маназаров |