Загрузка документа…
КОРУЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 23-декабры №36/2
Корул айыл өкмөтүнүн 2020- жылдын 1-январына карата жергиликтүү бюджетинин өздүк кирешесинен калган калдык акча каражатын 2020 - жылдын бюджетине иштетүү жөнүндө
Корул айыл өкмөтүнүн 2020–жылдын 1-январына карата жергиликтүү бюджетинин өздүк кирешесинен калган калдык акча каражатын 2020-жылдын бюджетине иштетүү боюнча Корул айылдык Кеңешинин бюджет боюнча туруктуу комиссиянын төрайымы Г. Миңбаеванын жана айыл өкмөтүнүн башчысы Аскербек уулу Жыргалбектин билдирүүлөрүн угуп жана талкуулап, Корул айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Корул айыл өкмөтүнүн 2020-жылдын 1–январына карата 2019-жылда пайдаланылбай калган 819,8 мин сом калдык, анын ичинен атайын каражат 69,0 мин сом акча каражатын 2020–жылдын бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнө кошумча киргизилсин.
2. Айылдык кенешинин отуруму талкуулаган 2020-жылдын 1-январына карата 2019-жылдын пайдаланылбай калган 819,8 мин сом калдык, анын ичнен атайын каражат 69,0 миң сом акча каражатын 2020-жылдын бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнө 701-бөлүмдүн 3112 элементине 315,8 миң сом жана 709-бөлүмдүн (орто мектеп) 3112 элементине 35,0 миң сом, 709-бөлүмдүн (балдар бакчасы) 3111 элементине 400,0 миң сом кошумча киргизип берүү жагы, Алай райондук финансы башкармалыгынан суралсын.
3. Жогорудагы бекитилген толуктоолорду өз максатында чыгымдоо айыл өкмөтүнүн башчысы Аскербек уулу Жыргалбекке жана финансы экономика бөлүмүнүн башчысы Н.Тоотаевага милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышы бюджет боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага | Т.Маназаров |