Загрузка документа…
КОРУЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 23-декабры №36/3
АРИС менен биргеликте курулуп жаткан таза сууга элдик салымды топтоо боюнча
Корул айыл өкмөтүнө АРИС менен биргеликте курулуп жаткан таза сууга 30% элдик салымды (суу өлчөгүчкө) топтоо боюнча жана жакыр үй-бүлөлөргө таза суунун түтүкчөлөрүн үйлөрүнө киргизүүгө жардам берүү боюнча Корул айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Корул айыл өкмөтүнө АРИС менен биргеликте курулуп жаткан таза сууга 30% суу өлчөгүчкө (водомер) 748 000 (жети жүз кырк сегиз миң) сом элдик салым 2020-2021-жылдардын бюджетин бекитүүдө жана 80 жакыр үй-бүлөгө 160 000 (жүз алтымыш миң) сом таза суунун түтүкчөлөрүн үйлөрүнө киргизүүгө жардам берүү белгиленсин.
2. Арал таза суу ишкансына инвентарь (стол, стул, сейф, шкаф) алып берүү жагы айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышы айыл өкмөтүнүн башчысы Аскербек уулу Жыргалбекке, айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Н.Тоотаевага, Арал таза суу муниципалдык ишканасынын директору Д.Умаровго тапшырылсын.
Төрага | Т.Маназаров |