Загрузка документа…
КОРУЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Корул айылдык Кенешинин 6-чакырылышынын 36-отуруму
2019-жылдын 23 декабры №36/6
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Калкты жана жарандык Жарандык абалдын актыларын каттоо департаментинин 20.12.2019-жылдагы №23-1/8343 сандуу каты жана Айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына берүү тартиби жөнундө КР Мыйзамынын 5-беренесинин 3-бөлүмүнө ылайык Калкты жана Жарандык абалдын актыларын каттоо департаменти менен Корул айыл өкмөтү тарабынан келишим түзүп, бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Калкты жана жарандык Жарандык абалдын актыларын каттоо департаментинин 20.12.2019-жылдагы №23-1/8343 сандуу каты жана Айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына берүү тартиби жөнундө КР Мыйзамынын 5-беренесинин 3-бөлүмүнө ылайык Калкты жана Жарандык абалдын актыларын каттоо департаменти менен Корул айыл өкмөтү тарабынан келишим түзүү максатында Корул айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Калкты жана жарандык Жарандык абалдын актыларын каттоо департаментинин 20.12.2019-жылдагы №23-1/8343 сандуу каты жана Айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына берүү тартиби жөнундө КР Мыйзамынын 5-беренесинин 3-бөлүмүнө ылайык Калкты жана Жарандык абалдын актыларын каттоо департаменти менен Корул айыл өкмөтү тарабынан келишим түзүлүп, бекитилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышы айыл өкмөтүнүн башчысы Аскербек уулу Жыргалбекке милдеттендирилсин.
Төрага | Т.Маназаров |