Загрузка документа…
КОРУЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Корул айылдык Кеңешинин 6-чакырылышынын 37-отуруму
2020-жылдын 27-январы №37/2
Корул айыл өкмөтүнүн жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2020-жыл үчүн малга байланган жайыт акыны бекитүү боюнча
Кыргыз Республикасынын «Жайыттар жөнүндө» мыйзамынын 6-беренесинин 4-пунктуна таянып, жайыттардын абалына мониторинг жүргүзүп, жалпы жайыттарды пайдалануунун 2020-жылдык планына ылайык, Корул айылдык Кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Корул айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин 2020-жылга карата иш планы бекитилсин.
2. 2020-жылга карата Корул айыл өкмөтүнүн жайыт пайдалануучулар бирикмесинин малга байланган жайыт акы
бир баш кой-эчкиге 20 сом,
бир баш бодо малга 60 сом,
бир баш жылкыга 70 сом,
жалпы жыйынтыгы 300000 сомго бекитилсин.
3. Жогоруда малга байланган жайыт акыны өндүрүү жана өндүрүлгөн акча каражатын максаттуу пайдаланылышын көзөмөлдөө жагы, Корул айыл өкмөтүнүн башчысы .Аскербек уулу Жыргалбекке милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Т.Маназаров |