Загрузка документа…
КОРУЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 25-апрели №39/5
1-май айылынын сугат каналы боюнча Корул айыл айыл өкмөтүнө караштуу 1-май айылынын жалпы элдик жыйынынын протоколунун негизинде 1-май айылынын сугат каналын Алай райондук суу чарба департаментинин башкармалыгынын балансына өткөрүп берүү жөнүндө
Корул айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалпысынан узундугу 4500 метр каналдан Алай токой чарбасы, бак-дарак, там арка жана айдоо жерлер жалпы 117га жер аянты суугарылгандыгына байланыштуу сугат каналына жергиликтүү бюджеттин мүмкүнчүлүгү жетпегендиктен Алай райондук жергиликтүү администрациясынан Алай райондук суу чарба департаментинин башкармалыгынын балансына өткөрүп берүү жагы суралсын.
2. Корул айыл өкмөтүнүн 1-май айылындагы каналдын иш-кагаздарын тактап, тиешелүү мекеме-ишканалар менен иш алып баруу жагы Корул айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Аскербек уулуна жана жер адиси А.Ысаковго жүктөлсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын айылдык кеңеш өзүнө калтырат.
Төрага | Т.Маназаров |