Загрузка документа…
КОРУЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 25-апрели № 39/6
Корул айылдык Кеңешинин 6-чакырылышынын 2019-жылдын 03-апрелиндеги №28/8 токтомуна өзгөртүү киргизүү боюнча
Корул айылдык Кеңешинин 6-чакырылышынын 2019-жылдын 03-апрелиндеги №28/8 токтомунун жана 2020-жылдын Тогуз-Булак айылынын Кутчу, Кара-Жыгач, Чычырканак айылдарынын элдик жыйынынын №1 протоколунун негизинде өзгөртүү киргизүү боюнча
Корул айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Корул айылдык Кеңешинин 6-чакырылышынын 2019-жылдын 03-апрелиндеги №28/8 токтомунун жана 2020-жылдын 20-апрелиндеги Тогуз-Булак айылынын Кутчу, Кара-Жыгач, Чычырканак айылдарынын элдик жыйынынын №1 протоколунун негизинде Сулайманов Тойчу атындагы бала бакча жубайы Сулайманова Арзикан атындагы бала бакча болуп өзгөртүлсүн.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, Корул айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Аскербек уулуна, айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Н.Тоотаевага жана Корул айылдык Кеңештин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага | Т.Маназаров |