Загрузка документа…
ЫНТЫМАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 27-декабры № 1
Ноокат районунун прокуратурасы тарабынан 19.12.2019 №1-1920-19 ченемдик укуктук актыларынын бузулулушун четтетүү жөнүндөгү сунуш жана жолдомо катына негиз Ынтымак айылдык кенештин депутаттары М. Жарматов менен Ж. Саитовтор тууралуу
Ынтымак айылдык кенешинин сессиясы күн тартибиндеги Ноокат районунун прокуратурасы тарабынан 19.12.2019 №1-1920-19 ченемдик укуктук актыларынын бузулулушун четтетүү жөнүндөгү сунуш жана жолдомо катына негиз Ынтымак айылдык кенештин депутаттары М. Жарматов менен Ж. Саитовтор тууралуу маселени карап жана талкуулап чыгып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Мамлекеттик салык кызматынын Ноокат району боюнча башкармалыгы тарабынан түзүлгөн корутундуларына ылайык, 2018- жыл үчүн 2019-жылы тапшырган декларацияларга өздөрүнө таандык мүлктөрүн толук көсөтпөстөн тапшырышкандыгы үчүн Ынтымак айылдык кенештин депутаттары Саитов Жакшыбек Эсеналиевич менен Жарматов Манас Курмушуевичтерге эскертүү берилсин.
2. Жогоруда аталган Ынтымак айылдык кенештин депутаттарынын кетирген кемчиликтерин жоюу жана мындан ары мындай катачылыктарга жол бербөөгө түшүндүрүү иштерин жүргүзүп туруу жагы Ынтымак айылдык кенешинин төрагасынын орун басары Зиявдин уулу Жыргалбекке милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ынтымак айылдык кенешинин төрагасы А. Абдикуловко тапшырылсын.
Төрага | А. Абдикулов |