Загрузка документа…
ЫНТЫМАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 27-декабры № 6
Ынтымак айыл өкмөтүнүн бюджетинин киреше бөлүгүнүн көбөйтүү максатында, айыл чарба багытындагы жер салыгынын базалык ставкасын беш пайызга жана тамарка салыгынын коэфицентин (1м.кв. жерге) 0,12 сомго көтөрүү тууралуу
Ынтымак айылдык кенешинин сессиясы күн тартибиндеги Ынтымак айыл өкмөтүнүн бюджетинин киреше бөлүгүн көбөйтүү максатында, айыл чарба багытындагы жер салыгынын базалык ставкасын беш пайызга жана тамарка салыгынын коэфицентин (1м.кв. жерге) 0,12 сомго көтөрүү тууралуу маселени карап жана талкуулап чыгып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ынтымак айыл өкмөтүндө 2020-жылдын 1-январынан баштап айыл чарба багытындагы жер салыгынын базалык ставкасы беш пайызга жана тамарка салыгынын коэфиценти (1м.кв. жерге) 0,12 сомго көтөрүлсүн, тактап айтканда айыл чарба багытындагы жерлердин 1га жерге суулуу жерге – 433,65сом, кайрак жерге – 65,41сом, бак – 244,65сом, тамарка жерлерге 1 сотых жерге-12 сомдон бекитилсин.
2. Жогоруда аталган базалык ставкаларды жана коэфиценттерди иш кагаздарда, документтерде иштеп чыгуу жана колдонуу жагы Ынтымак айыл өкмөтүнүн КЭБ башчысынын убактылуу милдетин аткаруучусу С. Маматовага жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдүк кылуу жагы Ынтымак айылдык кенешинин бюджет, салык жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А. Абдикулов |