Загрузка документа…
ЫНТЫМАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 27-декабры № 7
Ынтымак айыл өкмөтүндө Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруулардын Союзунун директор Ө. Алманбетовтун катына негиз Союз мүчөлүгүнө мүчөлүк акыны жыл сайын бир жолу төлөө тууралуу
Ынтымак айылдык кенешинин сессиясы күн тартибиндеги Ынтымак айыл өкмөтүндө Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруулардын Союзунун директор Ө. Алманбетовтун катына негиз Союз мүчөлүгүнө мүчөлүк акыны жыл сайын бир жолу төлөө тууралуу маселени карап жана талкуулап чыгып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ынтымак айыл өкмөтү Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруулардын Союзуна мүчөлүк акысы ушул Союздун уставына ылайык Ынтымак айыл аймагындагы калктын санына жараша жылына 1 киши башына 1 сомдон кем эмес өлчөмдө төлөнүп берилсин.
2. Жогоруда аталган мүчөлүк акы үчүн акча каражатын айыл өкмөтүнүн бюджетинен жыл сайын которуп туруу жагы Ынтымак айыл өкмөтүнүн КЭБ башчысынын убактылуу милдетин аткаруучусу С. Маматовага жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдүк кылуу жагы Ынтымак айылдык кенешинин бюджет, салык жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А. Абдикулов |