Загрузка документа…
ЫНТЫМАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 27-декабры № 9
Ынтымак айыл аймагындагы Арык-Бою айылынын Чындык конушундагы медресеге 10 баланы жаткырып окутууга уруксат берүү тууралуу
Ынтымак айылдык кенешинин сессиясы күн тартибиндеги Ынтымак айыл аймагындагы Арык-Бою айылынын Чындык конушундагы медресеге 10 баланы жаткырып окутууга уруксат берүү тууралуу маселени карап жана талкуулап чыгып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ынтымак айыл аймагындагы Арык-Бою айылынын Чындык конушундагы медресеге 10 баланы жаткырып окутууга макулдук берилсин.
2. Жогоруда аталган медреседе жатып окуган балдардын мамлекеттик мектеп программасына терс таасирин тийгизбей окутууга жана балдардын ден - соолугуна, жүрүм- турумуна көзөмөлдүк кылуу, жоопкерчиликти алуу жагы ошол мечиттин имамы Абдураимов Курсанали Магамадовичке милдеттендирилсин.
3. Бул токтомду көзөмөлдөө жагы Ынтымак айылдык кенешинин Социалдык саясат (билим берүү, маданият, саламаттыкты сактоо жана спорт) боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А. Абдикулов |