Загрузка документа…
ЫНТЫМАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 27-декабры №10
Ынтымак айыл өкмөтүнүн “Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу тууралуу
Ынтымак айылдык кенешинин сессиясынын күн тартибиндеги Ынтымак айыл аймагындагы эмгектин ардагерлери Ы. Камалов, С. Кыргызбаева жана Х. Кыргызбаевдерге Ынтымак айыл өкмөтүнүн “Ардактуу атуулу” наамын берүү тууралуу маселени карап талкуулап чыгып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ынтымак айыл өкмөтүнүн “Ардактуу атуулу”наамы Ничке-Суу айылынын тургуну Камалов Ырысбайга, Беш-Буркан айылынын тургуну Кыргызбаева Сабахатка, Акшар айылынын тургуну Кыргызбаев Хабибиллага ыйгарылсын.
2. Жогорудагы Ынтымак айыл өкмөтүнүн тургундарына “Ардактуу атуулу” наамынын күбөлүктөрүн даярдоо жагы Ынтымак айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин уюштуруу укуктук маселелер мамлекеттик бийлик жана өз алдынча башкаруунун аймактык органдары менен өз ара аракеттенүү боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А. Абдикулов |