Загрузка документа…
АК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
2019-жылдын 11- сентябры № 22
Ак-Сай айыл өкмөтүнүн башчысы С.Анаровдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, айыл өкмөтүнүн 2019-жылга карата бюджетине өзгөртүүлөрдү киргизүү максатында Ак-Сай айылдык кеңешинин V-чакырылышынын кезексиз VIII-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Сай айыл өкмөтүнүн төмөнкү беренелериндеги акча каражаттары, төмөнкүдөй болуп аппарат бөлүмүнүн 221-беренесине кошулуп, жылдырылып берилсин.
1. Аппарат бөлүмүнүн 311-беренесинен 78,9мин сом.
2. Маданият бөлүмүнүн 222-беренесинен 105,0мин сом.
3. Балдар бакчасы бөлүмүнүн 221-беренесинен 165,1мин сом.
4. Балдар бакчасы бөлүмүнүн 222-беренесинен 230,1мин сом.
5. Башталгыч мектеп бөлүмүнүн 221-беренесинен 155,0мин сом.
6. Башталгыч мектеп бөлүмүнүн 222-беренесинен 100,0мин сом.
7. Орто мектеп бөлүмүнүн 311-беренесинен 160,мин сом.
8. Баары болуп 994,1мин сом акча каражаты, аппарат бөлүмүнүн 221-беренесине кошулуп, жылдырылып берилсин.
2. Киргизилген бюджеттик өзгөртүүлөрдү өз убагында аткарууга алуу жагы Ак-Сай айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы А.Каттабековго милдеттендирилсин.
3. Жогорудагы токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Сай айылдык кеңешинин финансы, бюджет жана экономикалык өнүгүү боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А. Талиев |