Загрузка документа…
ЫНТЫМАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 27-декабры № 11
Ынтымак айыл өкмөтүнүн аймагындагы Сары талаа участкасындагы “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, коргонуунун жана башка жерлер” категориясындагы мамлекеттик менчиктеги 60га жер аянтын муниципалык менчикке өткөрүп берүү жөнүндө
Ынтымак айылдык кенешинин сессиясынын күн тартибиндеги Ынтымак айыл өкмөтүнө караштуу Сары –талаа участкасында жайгашкан 60га ичинен 33 га кайрак айдоо, 27 га таштуу жайыт жер аянтын айыл аймагынын экономикалык өнүгүүсүнө жана инфраструктурасын ондоо үчүн “Өнөр жайдын, транспорттун, байланыштын, коргонуунун жана башкалардын жерлери” категориясындагы мамлекеттик менчигиндеги жерин муниципалдык менчикке алуу жөнүндө Ынтымак айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ынтымак айыл өкмөтүнүн аймагындагы Сары талаа бөлүмундөгү “Өнөр жайынын транспорттун, байланыштын, коргонуунун жана башка жерлер” категориясында турган мамлекеттик менчигиндеги 60га, анын ичинен 33га кайрак айдоо, 27га таштуу жайыт жер аянты Ынтымак айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчикке алынсын.
2. Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынан Ынтымак айыл өкмөтүнүн Сары талаа бөлүмүндөгү 60га, анын ичинен 33га кайрак айдоо, 27га таштуу жайыт мамлекеттик менчигиндеги жер аянты муниципалдык менчикке бекитип берүү жагы суралсын.
3. Ажыратылган 60га жер аянтына, тиешелүү юридикалык докуменнтерин даярдап берүү жагы “Кадастр” мамлекеттик ишканасынын Ноокат филиалынан суралсын.
4. Ажыратылган 60га жер аянтына тиешелүү архитектуралык иш кагаздарын даярдап берүү жагы Ноокат райондук шаар курулуш жана архитектура ишканасынан суралсын.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ынтымак айылдык кенешинин жер, суу, электр энергия жана жолдор боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага | А. Абдикулов |