Загрузка документа…
ЫНТЫМАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 13-январы № 1
Ынтымак айыл өкмөтүнүн ветеринардык адисинин, социалдык жактан коргоо кызматкеринин, салык кызматкеринин жана жерге жайгаштыруу жана айыл чарбасы боюнча жетектөөчү адисинин 2019-жылдагы аткарган иштери тууралуу
Ынтымак айылдык кенешинин сессиясы күн тартибиндеги Ынтымак айыл өкмөтүнүн ветеринардык адисинин, социалдык жактан коргоо кызматкеринин, салык кызматкеринин жана жерге жайгаштыруу жана айыл чарбасы боюнча жетектөөчү адисинин 2019-жылдагы аткарган иштери тууралуу маселени карап жана талкуулап чыгып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ынтымак айыл өкмөтүнүн ветеринардык адиси Абдыбасылов Камалидиндин 2019-жылдагы аткарган иштериндеги ийгиликтерди эске алуу менен жакшы деп табылсын.
2. Ынтымак айыл өкмөтүнүн социалдык жактан коргоо боюнча башкы адиси Салиева Макбураттын 2019-жылдагы аткарган иштери канааттандырарлык деп табылсын.
3. Ынтымак айыл өкмөтүнүн салык кызматкери Жуманов Кубанычбектин 2019-жылдагы аткарган иштери канааттандырарлык деп табылсын.
4. Ынтымак айыл өкмөтүнүн жерге жайгаштыруу жана айыл чарбасы боюнча жетектөөчү адиси Таштемиров Бектурдун 2019-жылдагы аткарган иштери канааттандырарлык деп табылсын.
5. Бул токтомду көзөмөлдөө жагы Ынтымак айыл өкмөтүнүн башчысы Н. Жоробековко милдеттендирилсин.
Төрага | А. Абдикулов |