Загрузка документа…
ЫНТЫМАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 13-январы № 2
Ынтымак айыл өкмөтүнүн “Күнгөй” бөлүмүндөгү узундугу 1000 метр жолду эл менен Табылгы ЖЧК ишканасы биргеликте пайдалануу жөнүндө
Ынтымак айылдык кенешинин сессиясы күн тартибиндеги Ынтымак айыл өкмөтүнүн “Күнгөй” бөлүмүндөгү узундугу 1000 метр жолду эл менен Табылгы ЖЧК ишканасы биргеликте пайдалануу жөнүндөгү маселени карап жана талкуулап чыгып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ынтымак айыл өкмөтүнүн “Күнгөй” бөлүмүндөгү узундугу 1000 метр жолду эл менен Табылгы ЖЧК ишканасы биргеликте пайдаланууга макулдук берилсин.
2. Ушул жолду толук кандуу иштетүүдө ремонт жана башка жумуштарды аткаруу жагы Табылгы ЖЧК ишканасына тапшырылсын.
3 Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ынтымак айылдык кенешинин жер, суу, электр энергия жана жолдор боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага | А. Абдикулов |