Загрузка документа…
ЫНТЫМАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 13-январы № 4
Кызматтын айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” жана “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жетекчиликке алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын маалыматтык системаларынын иштеши үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө келишимди бекитүү жөнүндөгу маселени Ынтымак айылдык кеңешинин (6 – чакырылышы) кезектеги ХXVII – сессиясы карап жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматтын айрым мамлекеттик укуктарды жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына берү жөнүндө келишими бекитилсин. (тиркеме тиркелет)
2. Айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды бекитилген келишимдерге ылайык кызматтын мамлекеттик системаларын ишке ашырууда бөлүнгөн финансылык каражаттарды көзөмөлдөо жагы айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысына милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдо көрсөтүлгөн айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруу жана иш алып баруу жагы айыл өкмөтүнүн маалымат технологиялар боюнча адиси Келдибек кызы Гулнурга тапшырылсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөо жагы өзүмө калтырылсын.
Төрага: А. Абдикулов.
Төрага | А. Абдикулов |