Загрузка документа…
Т.ЗУЛПУЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 10-январы № 27-3
Т. Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн аймагындагы кызыл сызыкка туура келген бак, дарактарды алуу жана тратуарларды ачуу жөнүндө
Т. Зулпуев атындагы айыл өкм өтүнүн аймагындагы кызыл сызыкка туура келген, тратуарларды ачуу, жана сугат суу кетүүчү арык каналдарды тазалоодо тоскоолдук жаратып жатканбак-дарактарды кыйып, тазалоо максатында Т. Зулпуев атындагы айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кашкалдак айылындагы Ботоев Э. көчөсү жана Жийде арык каналынын боюндагы кызыл сызыкка туура келген бак дарактарды тазалоо.
2. Өсөр, Калдай, Атамерек айылдарындагы Мырза – Арык каналын боюндагы бак-дарактарды кыюу.
3. Атамерек айылындагы Байымбетов, К. Рысбаев көчөлөрүнө таза суу киргизүү максатында тооскоолдук жараткан бак - дарактарды алуу.
4. Бам каналынын боюндагы бак дарактарды тазалоо.
5. Ак-Чабуу, /ч-Бай, Жатан айылдарындагы Үч-Бай каналынын жээгиндеги тооскоол болгон бак-дарактарды кыюу.
6. Айбек А. Шарипбаев көчөсүнүн боюндагы кызыл сызыкка туура келген бак-дарактарды тратуар ачуу максатында тазалоо.
7. Караке айылындагы боюндагы кызыл сызыкка туура келген бак-дарактарды тратуар ачуу максатында тазалоо
8. Ушул токтомдун аткарылышын 2020-жылдын 1-чейрегинде аткарууну айыл өкмөтүнүн айыл башчыларына милдеттендирилсин.
9 .Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү Т.Зулпуев атындагы айылдык кенешинин жер жерге жайгаштыруу транспорт, курулуш, өнөр жай, экология маселелери боюнча комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | К. Мурзаматов |