Загрузка документа…
Т.ЗУЛПУЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 10-январы№ 27-5
Т.Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн 2020-жылга айылдык бюджети жана 2021-2022-жылдарга бюджеттин болжолун бекитүү жөнүндө
Т.Зулпуев айыл өкмөтүнүн 2020-жылга каралган айылдык бюджети жана 2021-2022-жылдарга болжолун бекитүү жөнүндөгү маселени «Кыргыз Республикасынын 2020-жылга республикалык бюджети жана 2021-2022-жылдарга болжолу жөнүндөгү» мыйзамынын негизинде иштелип чыгылган долбоор депутаттардын Т. Зулпуев айылдык кенешинин «Экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк» боюнча туруктуу комиссиясы тарабынан каралып чыгылган. Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 15-июлундагы №101-мыйзамынын 4-бөлүмүнүн 31-беренесинин 2-пунктуна жана Кыргыз Республикасынын бюджеттик кодексинин 115-беренесинин 2 жана 4-пунктуна таянып Т. Зулпуев атындагы айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. 2020-жылга Т.Зулпуев айыл өкмөтүнүн айылдык бюджетинин кирешелери жана чыгашалары 22051,6 мин сом өлчөмүндө бекитилсин. Айылдык бюджеттин чыгаша бөлүгү 2020-жылга түшкөн кирешелердин жана гранттардын чегинде, ошону менен бирге биринчи кезекте корголгон беренелер боюнча (эмгек акы, соц фондго чегерүү, тамак аш, социалдык жардамдарга жана коммуналдык кызматтарга) каржылануусу белгиленсин.
2. Зулпуев айыл өкмөтүнүн 2021-2022–жылдарга айылдык бюджетинин болжолунун негизги көрсөткүчтөрү колдоого алынсын. Кирешенин болжолу 2021-жылга 22742,8 мин сомго (республикалык бюджеттен алынуучу гранттар 6566,3 мин сом менен) жана 2022-жылга 23074,3 мин сомго (республикалык бюджеттен алынуучу гранттар 6458,8 мин сом менен) белгиленсин. Т.Зулпуев айыл өкмөтүнүн 2021-2022-жылдарга айылдык бюджетинин негизги көрсөткүчтөрүнүн болжолу жактырылсын, аларды ар бир конкреттүү мезгилде кабыл алууда тактоо жүргүзүү жагы белгиленет.
3. Атайын каражаттардын кирешесинин сметада бекитилген өлчөмүнүн ашыкча бөлүгү толугу менен айылдык бюджеттик мекеменин каржылоосуна калары аныкталсын. Айылдык бюджеттик мекемелери казыналыктын регионалдык бөлүмдөрүнөн тышкары мекеменин кассасы аркылуу атайын каражаттарын чыгымдоого тыюу салынсын. Атайын каражаттар казыналыктан тышкары (бюджеттик мекемелердин кассасы аркылуу) чыгымдалган учурда Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын 2020-жылга республикалык бюджети 2021-2022-жылдарга болжолу жөнүндөгү” Мыйзамынын 14-беренесинин 2-пунктуна ылайык бул каражаттын 100 пайыз республикалык бюджетке алынып коюлары эскертилсин.
4. Айыл өкмөтүнүн башчысы төмөнкүгө укуктуу:
Ушул токтомдун 1-беренесинде бекитилген суммалардын чегинде, эгер бул айылдык бюджеттин киреше бөлүгүнөн азайтууга алып келбесе ушул токтомдун тиркемелерине өзгөртүүлөрдү киргизүүгө ;
Ченемдик укуктук актылардын өзгөрүүсүнүн негизинде жыл ичинде тактоолорду жүргүзүүгө ;
Киреше бөлүгүнөн белгиленген пландан ашыкча түшкөн каражаттын эсебинен чыгаша бөлүгүнүн өлчөмүн көбөйтүү жагын кароо;
5. 2020-жылда айылдык бюджеттин киреше бөлүгүнүн пландарынан ашыкча аткарылышынан түшкөн каражаттарды бөлүштүрүү жана өзгөртүү айылдык Кенештин сессиясында каралсын.
6. Жергиликтүү бюджеттик мекеме-ишканалардын финансалык-экономикалык негиздерин чындоо, алардын финансалык мамлекеттик каражаттарды максаттуу, сарамжалдуу пайдалануусун камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы жана финансы-экомикалык бөлүмүнүн башчысы тарабынан көзөмөлгө алынсын.
7. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы Т. Зулпуев айылдык Кенешинин “Экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | К. Мурзаматов |