Загрузка документа…
Т.ЗУЛПУЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 10-январы № 27-6
Т.Зулпуев атындагы айылдык өкмөтү 2019-жылдын бюджетинде жана атайын эсебинен калган калдык акчаны 2020-жылдын жергиликтүү бюджетинин сметасына өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө
Т.Зулпуев атындагы айылдык өкмөтүнүн 2019-жылдын бюджетинин аткарылышы 106,2% түзүп,2019-жылдын аягында айыл өкмөтүнүн бюджеттик каражатында 1338,3 мин сом, айыл өкм өтүнүн атайын эсебиндеги 491,9 мин сом, калдык акча каражатын 2020-жылдын жергиликтүү бюджетинин сметасына өзгөртүүл өр киргизүү жөнүнд өгү айылдык өкмөтүнүн маселесин карап чыгып жана талкуулап, Т.Зулпуев атындагы айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Т.Зулпуев атындагы айылдык өкмөтүнүн 2020-жылдын бюджетинин сметасына кошумча 2019-жылдан калган бюджеттик каражаттан 1338,3 мин сомго жана атайын эсептеги калган калдык 491,9 мин сом акча каражаты кошулсун.
2. Бюджеттик каражаттарында калган калдык төмөнкү раздел боюнча бекитилсин: Разд 704 ст. 2215-783,6; Раздел 706. ст.3112-380,0 мин сом; Разд 70921 –ст. 2231-174,7 мин сом
3. Айыл өкмөтүнүн атайын эсебиндеги калган калдык ПРООН уюму тарабынан долбоорлорго каржыланган; Разд 706 ПРООН –ст 2221-93,4 мин сом; Р-708 ст. 2221-162,3 мин сом; Р-709 ст.2221-15,7 мин сом; Р-709 ст.2222 -220,5 мин сом.
4. Каралган акча каражатты максаттуу пайдалануу жана өзгөртүүл өрдү жүргүзүү айыл өкмөтүнүн башчысы С.Мурзакуловго жана Финансы экономикалык б өлүмүнүн башчысы Алимжан уулу Нуралибекке тапшырылсын.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенешинин бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | К. Мурзаматов |