Загрузка документа…
Т.ЗУЛПУЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 12-февралы № 30-3
Т.Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн аймагында жайыт ресуртарын мал жаюу менен байланышпаган башка максаттарга пайдалануу жөнүндө
Т.Зулпуев атындагы айыл аймагынын Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин төрагасы А.Арапов мал жаюу менен байланышпаган башка максаттарга пайдалануу үчүн гектарына жайыт акысын бекитип берүү жөнүндөгү билдирүүсүн угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын “Жайыттар жөнүндөгү мыйзамынын” 3-1 беренесин 3-бөлүгүнө жана 6 беренесинин 5 бөлүгүнө негизинде Т.Зулпуев атындагы айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Т.Зулпуев атындагы айыл өкмөтүн үн аймагындагы мал жаюу менен байланышпаган башка максаттарга убактылуу пайдаланууга төмөнкүдөй өлчөмдө жайыт акы төлөө өлчөмдөрү бекитип берилсин.
Бак дарактар гектарына бир жылына жайыт акысы 1500 сом
Чөп чабынды жер бир гектарына бир жылга жайыт акысы 2500 сомдон 3000 сом болуп бекитилип берилсин.
2 .Бекитилген өлчөмдөгү төлөмдөрдү жыйноо аны туура пайдалануу менен калк арасында түшүндүрү иштерин жакшыртуу жагы жайыт комитетинин төрагасы Арапов Азиреталиге милдеттендирилсин.
3 .Ушул токтомду көзөмөлдөө жагы айыл өкмөт башчысы С.Мурзакуловго тапшырылсын.
Төрага | К. Мурзаматов |