Загрузка документа…
Т.ЗУЛПУЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 12-февралы № 30-4
Т. Зулпуев атындагы айыл аймагынын элинин ички тартип эрежелери жана кызмат көрсөтүү акыларынын тарифин бекитүү жөнүндө
Т. Зулпуев атындагы айыл аймагынын айыл элинин жалпы элдик чогулушунда кабыл алган ички тартип эрежелери жана кызмат көрсөтүү акыларынын тарифин бекитүү максатында Т. Зулпуев атындагы айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ички жайытка мал көчүү 10-апрелден 15-майына чейин, алыскы жайытка көчүү 20-майынан 5-июнга чейин, алыскы жайыттан көчүп келүү 1-сентябрдан эрте эмес мөөнөттү белгиленсин
2. 2020-жылдын 10-апрелден баштап дыйкандардын үлүш жерлерине кароолдорду уюштуруу жер ээлерине милдеттендирилсин.
3. Кароолдорду уюштурууга айыл өкмөтү көмөк көрсөтсүн.
4. Т. Зулпуев атындагыайылында 2019-жылдын 10-апрелинен баштап бада уюштурулсун.
5. Ички жайыттагы сарай ээлерине 1 ат 1-2 чейин саан уй, 10 кой-эчкиден мал алып калууга уруксат берилсин.
6. 2020-жылдын 10-апрелинен баштап дыйкандардын үлүш жерлерине кароол уюшулгандыгына байланыштуу, мал ээлери короосундагы малга көзөмөлдү күчөтсүн.
7. Камакка түшкөн малга түрүнө карабай акчалай 500 (беш жүз) сом айып пул салынсын.
8. Айыл тургундары үй тиричилигине керектүү малдан ашык мал алып алган, жайыттарга көчүрүү, көнүү эрежелерин жана мөөнөттөрүн сактабаган малчыларга жана бада кайтаруу тартибин бузган жарандарга Кыргыз Республиксынын Бузуулар жөнүндөгү кодексинде көрсөтүлгөн тартибине ылайык жоопко тартылаары эскертилсин.
9. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жана тиешелүү документтерди даярдап берүү менен укук бузууларды алдын алуу жагы, жайыт комитетинин төрагасы А. Араповго жана айыл өкмөтүнүн алдындагы бузуулар жөнүндөгү комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага | К. Мурзаматов |