Загрузка документа…
Т.ЗУЛПУЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ош облусунун Ноокат районунун Т. Зулпуев атындагы айылдык кеңешинин алтынчы чакырылышынын кезексиз отуз үчүнчү сессиясы
2020-жылдын 11-май-№ 33-2
Айыл чарба багытындагы жерлерин жана кайра бөлүштүрүү фондунун жерин ижарага берүү боюнча жер комиссиясынтүзүү жөнүндө
Т.Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн айыл чарба багытындагы жерлерин жана кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин ижарага берүү боюнча Жер комиссиясынын курамын бекитүү жөнүндөгү маселени угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айыл чарба жерлерин жана кайра бөлүштүрүү жерлерин ижарага берүү жөнүндөгү типтүү берүү шарттары жана тартиби тууралуу типтүү жобонун 3-главасынын 19,20,21,беренелерине ылайык Т.Зулпуев атындагы айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Т.Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн айыл чарба багытындагы жерлерин жана кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин ижарага түз берүү,аукцион аркылуу, конкурс түрүндө берүү боюнча төмөнкү курамдагы жер комиссиясы түзүлсүн.
1.Ажикулов Турсунали-а-к депутатты-комиссиянын төрагасы
2.Качыбеков Абдыкалык-а-к депутатты-комиссиянын мүчөсү
3.Шамши уулу Мелис а-к депутатты-комиссиянын мүчөсү
4.Айдаров Нурлан- а-к депутатты-комиссиянын-мүчөсү
5.Абдибаитов Саид а-к депутатты-комиссиянын-мүчөсү
6.Мурзакулов Советбек- айыл өкмөтүнүн башчысы кызматы боюнча кирет.
7.Султанов Шарабидин-айыл өкмөтүнүн убактылуу жер адиси мүчөсү
8.Мамлекеттик жерге жайгаштыруу бөлүмүнүн адиси-мүчөсү
9.Шаар курулуш Архитектура бөлүмүнүн адиси-мүчөсү
10.Маматали Сатаров –айыл өкмөтүнүн юристи-мүчөсү
11. Айыл башчылар өздөрүнүн айылдарында карала турган маселелер боюнча комиссия мүчөсү болуп эсептелет.
2. Жер комиссиясына Жобонун негизинде мыйзамдуу иш жүргүзүү милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү Т.Зулпуев атындагы айылдык кенешинин жер жерге жайгаштыруу транспорт, курулуш, өнөр жай, экология маселелери боюнча комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | К. Мурзаматов |