Загрузка документа…
Т.ЗУЛПУЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 11-майы № 33-5
Т.Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн Өсөр айылынын тургуну Мирзаматов Адылбек Мамыровичтин жеке менчигиндеги тамеки ферментациялоочу цех багытындагы 2 гектар 28 сотых жер аянтынын максаттуу пайдалануу багытын көп кабаттуу турак-жай жана коммерция багытына которууга макулдук берүү жөнүндө
Т.Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн Өсөр айылынын тургуну Мирзаматов Адылбек Мамыровичтин Т.Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн Атамерек айылындагы жеке менчик тамеки ферментациялоочу цех багытындагы 2 гектар 28 сотых жер аянтынын максаттуу пайдалануу багытын көп кабаттуу турак-жай жана коммерция багытына которууга макулдук берүү жөнүндөгү арызын карап чыгып, Кыргыз Республикасынын жер кодексинин 18-беренесинин 4-пунктун жетекчиликке алып Т.Зулпуев атындагы айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Мирзаматов Адылбек Мамыровичтин Т.Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн Атамерек айылындагы жеке менчик тамеки ферментациялоочу цех багытындагы 2 гектар 28 сотых жер аянтынын максаттуу пайдалануу багытын көп кабаттуу турак-жай жана коммерция багытына которууга макулдук берилсин.
2. Жогорудагы макулдук берилген жер аянтынын максаттуу пайдалануу багытын өзгөртүүгө уруксат берүүнү Т.Зулпуев айыл өкмөтүнөн жана Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынан суралсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү Т.Зулпуев атындагы айылдык кеңешинин жер, жерге жайгаштыруу,курулуш,өнөр жай жана экология маселелери боюнча комиссиясына милдеттендирилсин.
Токтомго №020950 сандуу 4 (төрт) барактан турган мамлекеттик акттын көчүрмөсү тиркелет
Төрага | К.Мурзаматов |