Загрузка документа…
ЖОШОЛУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 9-марты № 35/3
“Пакиза-Суу” ичүүчү сууну керектөөчүлөрдүн айылдык коомдук бирикмесинин (ИСКАКБ)төрагасынын 2019-жыл ичинде аткарган иштеринин абалы.жөнүндө
“Пакиза-Суу” ичүүчү сууну керектөөчүлөрдүн айылдык коомдук бирикмесинин (ИСКАКБ) төрагасы А.Иманахуновдун бир жылдык отчетун угуп жана талкуулап
Жошолу айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз ХХХV заседаниясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. «Пакиза-Суу» ичүүчү сууну керектөөчүлөрдүн айылдык коомдук бирикмесинин иши «канааттандырарлык» деп табылсын, коомдук бирикме тарабынан бир топ иштердин жүргүзүлүп жаткандыгы белгиленсин.
2. Орто-Суу айылынын калкын таза суу менен камсыздоо боюнча жазылган долбоорду аяктап, калкка таза суу жеткирүүнү камсыздоо айыл өкмөттүн башчысы Т.Абдырахмановго жана ИСКАКБнын төрагасы А.Иманахуновго милдеттендирилсин.
3. Таза суунун тарифин ушул мезгилге чейин төлөп келген 13 сомдон 15 сомго көтөрүлүп төлөнсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын камсыздоо “Пакиза-Суу” ичүүчү сууну керектөөчүлөрдүн айылдык коомдук бирикмесинин (ИСКАКБ) төрагасы А.Иманахуновго, ал эми көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | З.Боронов |