Загрузка документа…
ЖОШОЛУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 9-марты № 35/4
Жошолу айыл өкмөтүнүн ӨКТЖКЧ боюнча башкы адисинин иш абалы, бир жылдык отчету жөнүндө
Жошолу айыл өкмөтүнүн ӨКТЖКЧ боюнча башкы адиси Б.Кебекбаевдин иш абалын карап, бир жылдык отчетун угуп жана талкуулап
Жошолу айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз ХХХV заседаниясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жошолу айыл өкмөтүнүн ӨКТЖКЧ боюнча башкы адиси Б.Кебекбаевдин бир жылдык иши кемчиликтерди эске алуу менен “канааттандырарлык” деп белгиленсин.
2. Кооптуу аймактарда жашап жаткан жарандарга айыл өкмөтү тарабынан коопсуз жайдан жер тилкеси берилгенден кийин, коопсуз жайга көчпөстөн, ошол жерде жашап жаткан жарандарга мыйзам чегинде түшүндүрүү иштерин жүргүзүү менен, мөөнөт коюу менен сот органдарына өткөрүп берүү жагы ӨКТЖКЧ боюнча башкы адис Б.Кебекбаевге милдеттендирилсин.
3 .Айыл аймагындагы карапайым калктын турак жайларын милдеттүү түрдө мамлекеттик камсыздандыруудан өткөрүү багытында иш жүргүзүү жагы бардык айылдын айыл башчыларына жана айыл өкмөттүн ӨКТЖКЧ боюнча башкы адиси Б.Кебекбаевге жүктөлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин уюштуруу, укуктук маселелер, мыйзамдуулук, мамлекеттик бийлик жана өз алдынча башкаруунун аймактык органдар менен өз ара аракеттенүү боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага: З.Боронов.