Загрузка документа…
ЖОШОЛУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 9-марты № 35/5
Жошолу айыл өкмөтүнүн кулуну Шабданов Улан Турдалиевичке «Ардактуу атуул» наамын берүү жөнүндө
Жошолу айыл өкмөтүнүн кулуну Шабданов Улан Турдалиевичке айыл өкмөттүн «Ардактуу атуулу» наамын берүү жөнүндө Коммунизм айылынын 2020-жылдын 4-мартындагы элдик жыйынынын № 04 протоколунун негизинде Жошолу айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын ХХХV заседаниясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Коммунизм айылынын 2020-жылдын 4-мартындагы элдик жыйынынын № 04 протоколунун, айылдык Кеңештин депутаттарынын макулдугу менен айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык деңгээлин, айылдын инфраструктурасын көтөрүүгө кошкон салымы үчүн Жошолу айыл өкмөтүнүн кулуну Шабданов Улан Турдалиевичке Жошолу айыл өкмөтүнүн «Ардактуу атуулу » наамы берилсин. ( 04.03.2020-ж. Коммунизм айылынын элдик жыйынынын № 04 протоколу тиркелет).
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу айылдык Кеңешинин уюштуруу укуктук маселелер, мыйзамдуулук, мамлекеттик бийлик жана өз алдынча башкаруунун аймактык органдар менен өз ара аракеттенүү боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: З . Боронов.